Бир жылда 604 зордуктоо фактысы катталган

0
243

2021-жыл ичинде зордуктоо фактысы боюнча 604 сотко чейинки өндүрүш катталып, анын ичинен 325 иш кылмыштын курамынын же окуяларынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган.

Өндүрүштө турган 249 кылмыш ишинен 223 кылмыштын бети ачылган. Кылмыш ишинин 148 материалы сотко жөнөтүлүп, 75и реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча кыскартылган.

Никеге туруу үчүн адамды ала качуу фактысы боюнча 254 иш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын ичинен 214 иш окуя же кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кыскартылган.

23 факты боюнча жабырлануучу тараптан арыз жок болгондугу боюнча кыскартылса, 14 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, үчөө сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here