Баткендин ички жолдорун асфальттоого 261млн сом каралган

0
509

Баткен районунун аймагында, ички жолдорду оңдоп-түзөө жумуштары жүрүүдө. Курулуштар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Алыскы айылдарды район борбору менен байланыштырган жолдорго жана айыл ичиндеги негизги жолдорго асфальт төшөлүүдө.

Жалпы Баткен облусунда, 2022-жылы 37 чакырымга жакын жерге асфальт төшөө пландаштырылган. Бүгүнкү күнгө анын 7,5 чакырымдан ашууну асфальтталып, белгиленген жумуштун 20 % бүткөрүлгөн.

Жол чарба департаментинин Баткен облусундагы аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Икрамали Акматовдун маалыматында белгиленген жумуштар жыл аягына чейин 100% бүткөрүлөт. 37 чакырымга асфальт төшөө үчүн мамлекеттик казынадан 261млн 500миң сом каралган.

Белгилей кетсек, облустун ички жолдорун асфальттоо жумуштарынын алкагында, учурда Баткен-Кара-Бак, Айгул-Таш-Согмент, Баткен-Бужум-Кызыл-Жол, Достук-Ак-Сай жолдорунда жана Раззаков шаарындагы негизги аянтта асфальттоо жумуштары жүрүүдө.

Айжамал Абдикаарова

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here