Баткен өрүгү Американын Чикаго шаарына чейин экспорттолууда

0
800

Баткенде өрүктүн алгачкы түшүмү кургатылып, сатыкка чыкты. Кара-Бак айылындагы өрүк базарда бир килограмм кургатылган кактын баасы 800сомго чыкты. Бул тууралуу аталган базардын соодагери Таалай Сатыбалдиев билдирди.

Баткен элинин негизги кирешеси өрүк болгондуктан, аны жакшы баага сатуу өтө маанилүү. Жергиликтүү багбандардын айтымында быйылкы жылы негизги өрүк алуучулар, ата мекендик ишкерлер менен Өзбекстандын жарандары болууда.

Баанын туруктуулугун кармоодо, адистер ишкерлердин өрүктү экспорттоо аракети жакшы натыйжа берип жатканын белгилейт.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Алишер Сейдакматовдун айтымында, учурда ата мекендик ишкерлер тарабынан, Баткен өрүгү Түркия, Казакстан, Россия жана Американын Чикаго шаарына чейин экспорттолуп жатат. Быйылкы жылдын эсебинен 2,5 миң тоннага жакын ак өрүк экспортко чыкты. Жеке ишкерлер тарабынан өткөн айда Казакстанга,Россиянын Красноярский,Москва шаарларына өрүктүн свежий түрү экспорттолду.

Белгилей кетсек, Баткенде өрүк багынын жалпы аянты 8 миң гектарга жакын.Өрүк көп болгон жылдары 100 миң тоннага чейин өрүк терилип алынат. Анын кургатылганы 24 миң тонна болот.Учурда аймакта туруктуу иштеген, өрүктү кайра иштетүүчү “Алтын Аймак” жана “Интерфрут” деп аталган эки гана ишкана бар.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here