Каракалпакстандагы абал жана башаламандыктын кесепети

0
448

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы башаламандыктан улам 243 киши жараат алып, 18 адам каза болгонун билдирди.

Ал эми РИА новостиге таянсак, Өзбекстандын парламенти дүйшөмбү күнү Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо боюнча Конституциядагы беренелерди калтырууга «макул» деп добуш берген.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.

Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган.

Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган. Каракалпакстанда 3-июлдан тарта өзгөчө абал режими киргизилген.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен кечээ 4-июлда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирген.

Анда Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгилеген. Ал эми Мирзиёев чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалды турукташтыруу жана мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгонун айткан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here