Азамат Кудайбердиев Эл аралык мелдеште алтын медал тагынды

0
268

Ташкентте өткөн Uzbekistan Open Эл аралык турнирине катышып, 24 өлкөнүн ичинен алтын медалга ээ болуп, Кыргызстандын желегин желбиретти.

Азамат Кудайбердиевди район акими Учкунбек Жоробаев тосуп алып, жеңиши менен куттуктап, Ардак грамотасын тапшырды.

Азамат Кудайбердиев буга чейин да Uzbekistan Open Эл аралык турнирине катышып 2 жолу жеңишке жетишкен. Кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Спорттун кикбоксинг жана ушу — саньда түрү боюнча спорттун чебери. Азия Биринчилигинин күмүш медалынын ээси.

Белгилей кетсек, Азамат Кудайбердиев Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн. Кикбоксинг боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү. Учурда Бишкек шаарындагы «Маралбек» клубунда машыгат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here