Кожешкен дарыясындагы кооптуулук жоюлду

0
364

Аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Кожошкен дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Чоң-Кара айылына жакын жайгашкан эгин талааларына, ички чарбалык жолдорго жана турак үйлөргө кооптуулук жаралган.

Жерине ыкчам топ менен кошо 6 атайын техника тартылып, 500м3 кум-шагыл тазаланды. Натыйжада суунун нугу бурулуп, кооптуулук жоюлду деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here