Казино: Жылына 2млрд сомго чейин киреше алабыз дейт адистер

0
374

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутаттар Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбооруна 59 депутат «макул», 7 депутат «каршы» добуш берди. Жалпысынан 72 депутат катышты.

Казинону ачууга уруксат берүү мыйзам долбоорунда оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, Кыргызстандын жаранына кирүүгө тыюу салынары жазылган.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин, Жогорку Кеңеште, “өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик пакет кабыл алганын, оюн зоок жайлары тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса, быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алабыз”, деп белгилеген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here