Бүтүрүү кечелерин оюн-зоок жайларда өткөрүүгө тыюу салынды

0
499

Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министринин буйругу чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, бүтүрүүчүлөргө арналган иш-чараларды кечки жана түнкү мезгилдерде мектептин аймагында, оюн-зоок жайларда жана башка коомдук жайларда өткөрүүгө тыюу салынды.

Бүтүрүүчүлөргө негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү жөнүндөгү документтерди тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чаралар билим берүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана ата-энелердин катышуусунда төмөнкү мөөнөттөрдө өтөт:
— 2022-жылдын 5-июлунда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө;
— 2022-жылдын 7-июлунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн саат 9.00дө.

Ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун аймагында окуучулардын укук бузууларын жана коопсуздук чараларын сактабаган, акча жыйноого жол берген мектеп директорлоруна, класс жетекчилерине жана мугалимдерге карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here