Зомбулуктан дагы эки кыргыз келин каза болду

0
1037

Кара-Балта шаарында жарандык никедеги аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Чүй облустук милициясынан билдиришти.

21-июнда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен башы кесилип, зомбулук менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталган, ал 1975-жылы туулган жаран экени такталып, милиция кызматкерлери кылмыштын бетин ачуу максатында аялды таанып-билгендер менен иш алып барган.

Натыйжада 1976-жылы туулган жаран аталган кылмышка шектелип, ал Жалал-Абад облусунда жашырынып жүргөндүгү аныкталды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Шектүү чогуу жашаган аялды башка эркектен кызганып, денесинин 10 жерине бачык сайган. Кийин кылмышты жашыруу максатында аялдын башын кесип алып, сөөктү арыкка таштап, ал эми башты андан 200 метр аралыкта жерди казып көмүп салган.

Азыркы учурда шектүү күнөөсүн толук моюнуна алып, башты көмгөн жерди көрсөтүп берген.

Учурда ал Жайыл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Ал эми өткөн жумада, Түркиянын Гёреле районунда кыргызстандык Керемет аттуу келин өлтүрүлгөндүгүн, түрк ЖМКларына таянып «Кабар» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгон келиндин сөөгү 7 чакырым алыстыкта жайгашкан башка аймактан жолдун четинен табылган. Маркумдун башына жана далысына ок тийген.

Маркум Түркиянын жараны менен жарандык никеде жашап келген. Анын үч баласы болгон.

Жарандык жолдошу келинди кызганычтан өлтүргөндүгүн, аялы анын көзүнө чөп салгандыгын билдирген.

Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөн соң, мекенине жөнөтүлөт деп айтылат, маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here