Кудук казып жаткан үч бир тууган кырсыктап каза болду

0
998

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Токмок шаарында кудук казып жатып 3 адам каза болгонун билдирди.

Курулуш материалдарын саткан короонун ичинде 5 эркек киши кудук казып жаткан.
Ошол учурда кудуктун ичинде аба жетпей 1 адам кулап калып, аны алып чыгам деп экинчиси кудукка кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы куткарууга аракет кылып, аба жетпей калып кетишкен.

Окуя болгон жерге куткаруучулар,милиция кызматкерлери, тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгондорду 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы, 1982-жылы жана 1987-жылкы 3 эркек киши каза болуп, дагы 2 эркек киши жабыркаган. Турмуш басылмасынын маалыматына таянсак каза болгон жарандар бир тууган болушкан.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек маалыматта кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөөрү белгиленген. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизель майынын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here