Баткенде инженердик-техникалык багытта билим берген академия ачылды

0
534

Баткен районунун Бужум айылында  «Алтын түйүн» Улуттук республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Баткен районунун басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган академиянын максаты, республиканын аймактарында инженердик-техникалык билим берүүнү туруктуу өнүктүрүү жана окуп жаткан жаштардын билим берүү инфраструктурасын жаңылоо жана калыбына келтирүү.

Бул академияда балдар негизинен техникалык жаатында билим алышат. Академия керектүү болгон бардык жабдыктар менен камсыздалган.
Академияга 5 жаштан баштап техникага кызыккан балдар келип акысыз билим алса болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here