Баткен шаарынын 8-март көчөсү кеңейтилип, оңдоп түзөө иштери жүрүүдө

0
575

Буга чейин Баткен шаардык мэриясы тарабынан Баткен шаарынын 8-март көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу, кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолорду жана курулуштарды жылдыруу менен, жол кенейтилген жана жөө адамдар жүрүүчү жолдун орду аныкталган.

Учурда, 8-март көчөсүндө жөө адамдар жүрүүчү жолдорду оңдоо жана суу жүрүүчү ноолордү орнотуу иштери башталды.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 6 млн 406 мин сомду түзүп, анын 3 млн 406 миң сому, шаардык бюджеттен бөлүнүп, 3 млн сому, дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланууда.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here