Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, 9 эсе көп маяна алган кызматкерлер аныкталды

0
1184

Башкы прокуратура Таластагы №13 кесиптик лицейде финансылык мүнөздөгү бузууларды аныктды.Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.

«Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7миң 553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон».

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here