Баткен шаарынын борбордук көчөсүндөгү курулуштар аяктоо алдында

0
532

Баткен шаарынын Мухтар Нургазиев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы суу жүрүүчү ноолорго атайын түтүктөр коюлуп, жөө киши жүрө турган жолдорго жол таштары жаткырылууда.

Долбоордун алкагында 947 метр жерге түтүктөр орнотулуп, 2000 м*2 жерге жол таштары жаткырылат. Жөө адамдар жүрүүчү жолдун четине автоунаалардын өтүүсүн чектеген бетондор орнотулат.

Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 5600 000 сом акча каражаты каралып, курулуш иштери июль айына чейин белгиленген.

Белгилей кетсек, ушундай эле жумуштар 2022-жыл ичинде Баткен шаарындагы Нургазиев, Салихов жана Орозбеков көчөлөрүндө жасалат.Тагыраагы көчөлөр кенейтилип, жөө адамдар жүрүүчү жолдорго жол таштары жаткырылып, суу ноолор орнотулат. Ошондой эле Раззаков көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруу иштери долбоор боюнча толугу менен жаңыдан курулат деп айтылат, Баткен шаарынын мэриясынын маалымат кызматынын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here