Кадамжайлык багбандар малинанын эспортко ыңгайлуу түрүн өстүрүүнү колго алууда

0
647

Кадамжай районунда малинанын түшүмүн жыйноо кызуу жүрүп жатат. Жаңы-Жер айылынын тургуну  Урматай Базарованын үй бүлөсү аймакта малина өстүргөн алгачкы багбандар. Алар мындан 14 жыл мурда малина өстүрүп,  багбанчылык менен алектене баштаган.Багбандын үй бүлөсү учурда малина терүү менен алек. Алар, быйыл да түшүм жакшы, суроо талап да жогору деп кубанып турган чагы.  Анткени малинанын түшумү алардын негизги киреше булагы. ”Учурда малинанын килограммын 165 сомдон тапшырып жатабыз,малинаны сактоочу,логистикалык борборлордон кардарлар өздөрү келип, алып кетишүүдө.Быйыл да жылдагыдай 5 тоннадай  түшүм алабыз деп күтүп жатабыз”- дейт, Урматай Базарова.

Багбандар малина Кадамжайдын бренди деп эсептешет. Бул багытта ар тараптан өнүгүүнү да каалашат. Мындан улам каарманыбыз, учурда малинанын экспортко ыңгайлуу, “поляна” деген түрүн өстүрүп баштаган. 15 сотых аянтка өстүргөн малинасы, быйылкы күзгө түшүмүн берет деп күтүп жатканын кошумчалады.

Ак-Суу ,Исфайрам,Сох дарыяларынын жээгинде жайгашкан Кадамжай районунун  аба-ырайы, жер кыртышы малина өстүрүүгө ыңгайлуу дейт адистер. Ошол эле учурда Кадамжайдын малинасын өз аймагында  өстүрүүгө кызыккандар көп экенин айтышат.

Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдарали Асамидинов,  “жакында эле Өзбекстан республикасына тажрыйба алмашуу максатында,жалпы айыл-чарба боюнча 20дан ашык фермер дыйкандар барып келдик.Фергана облусу боюнча 400 гектарга жакын малина өстүрүп жатабыз деп маалымат беришти.Ал жердеги көчөттөрдү бизден алышканын айтышты”, деп билдирди.

Алдыда жергиликтүү агрономдор биригип,  рынок талап кылган малинанын жаңы түрлөрүн, жаңы технология менен өстүрүп, бул багытты өнүктүрүүнү максат кылышууда.

Асамидинов, ”малинанын полька,поляна түрүнүн  көчөттөрүн Бишкектен,Россиядан,Казакстандан алып келип жайылтып жатабыз.Актөрө деген жеке ишкер, былтыр 20 миңге жакын көчөт алып келип,багбандарга  таркатып берди.Буйурса жаңы ыкма менен иштеген багбандардын башын бириктирген ассоциация же кооператив  түзөбүз деген пландарыбыз бар”, деди.

Кадамжай районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматында, аймактагы малина талаасынын аянты 200гектарды түзөт. Жылына 1000 тоннага жакын малина өндүрүлүп, ички рыноктон сырткары Россия,Казакстан,Өзбекстанга экспорттолот.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here