Соттолбогондугу тууралуу маалым кат акысыз берилет

0
663

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин буйругунун негизинде “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык, Баткен облусунун калкына 2022-жылдын 15-мартынан баштап, кылмыш жоопкерчилигине тартылып- тартылбагандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ыкчам түрдө акысыз көрсөтүлөт.

Бул кызматтар Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Лейлек, Кадамжай райондук, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмдөрүнүн имаратында, “Бирдиктүү терезе” борборлорунда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here