Баткен районунун тоолуу айылдарына кеткен жолго асфальт төшөлөт

0
568

Район акими Учкунбек Жоробаев Айгүл-Таш-Согмент-Таян автоунаа жолунун учурдагы оңдоо иштери менен жеринде таанышты.

Оңдоо иштери Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланууда.

Учурда 3км жол асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ошондой эле автожолдун чукул өйдөлүштөрү түшүрүлөт.

Жолдун жалпы узундугу 15,7чакырымды түзөт. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул жолдон Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян, Кыштут, Согмент, Газ айылдарынын тургундары катташат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here