Өзбекстанда адам өлтүрүү, каракчылык жана сот белгилеген жазадан качуу беренелери менен издөөдө жүргөн өзбек жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жогорудагы кылмыштары үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган бул жаранды кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кыргызстандык кесиптештерине кайрылган.
КРнын милиция кызматкерлери жүргүзгөн иштердин натыйжасында жогорудагы издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, кармалды. Учурда аны өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо маселеси каралып жатат.