Бүгүн, 14-июнда Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта, Баткен облусунун Булак-Башы жергесинде саат 06:50дө Тажикстандын “Кех” чек ара посту тараптан Кыргызстандын “Булак-Башы” чек ара посту тарапка ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тараптан да тажиктердин чек ара посту тарапка ок атылган. Эки тараптын чек арачылары дароо согуштук позицияны ээлешкен. Ок атышуу саат 07:00дө токтогон, деп айтылат.
Окуя боюнча Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. Окуя болгон жерге тараптардын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомед жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок ата баштаган. Ок атышуу саат 08:10до токтогон. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактоо максатында жолугушуу өткөрүүдө.
Саат 08:40ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал курч деп мүнөздөлүүдө.
КР УКМК Чек ара кызматы абалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө деп айтылат, маалыматта.