Чүй облусунун Сокулук районунда өткөн эр эңиш боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Эр эңиш федерациясынан маалымдашты.
Эр эңиш боюнча мелдеш 11-июнда Белек айылындагы ат майданында өттү. Анда беш салмак категорияда: 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 90 кг жогору салмактагы спортчулар күч сынашты. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан балбандар катышты.
Жыйынтыгында:
60кг салмакта 1-орунду Талас облусунун спортчусу — Акыл Сагынбеков багындырды.
70кг салмакта 1-орун Чүй облусунун спортчусу — Калыбек Бузурманкулов,
80кг салмакта 1-орун Талас облусунан — Амантур Мүнур уулу,
90кг салмакта 1-орун Ош облусунан — Турдукул Абдрахманов,
90кг жогору салмакта 1-орун Талас облусу — Күмүшбек Кыдыралиев ээледи.