Саламаттыкты сактоо министрине 7 кылмыш иши козголду

0
425

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата 7 кылмыш ишин козгогонун аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши — кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча козголгону айтылат.

Белгилей кетсек, кечээ 2-июнда Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган.

Андан соң, Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалганы маалымдалды.

Тагыраагы ковид илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча министрдин орун басары Бектурганов, Республикалык Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова жана Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменттинин бөлүм башчысы  Сатарбековдор кармалышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here