Бишкектеги борбордук мечиттин ордуна 10миң кишилик жаңы мечит салынат

0
780

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, мечит бир айдын ичинде бузулат. Анткени мечиттин эскилиги жеткендиктен, жаңы мечит куруу муктаждыгы жаралган.

Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы болжол менен 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да салынат.

Маалыматта, Муфтият имараттын дубалдарына кыргыз колоритин,  оймо-чиймелерди түшүрүүнү караштырып жаткандыгы белгиленет.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынын башчысы Максат Атабаев, борбордук мечиттин ичиндеги 1944-жылы курулган эски мечит, тарыхий мурастарга киргендиктен, ал жаны курулуучу мечиттин ичинде, музей катары калаарын кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here