Кыргызстанда Казак улуттук окуу жайынын филиалы ачылды

0
301

Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинен филиалы ачылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  26-майда, аталган окуу жайга барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуу жайда студенттер IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм ж.б. адистиктер боюнча билим алышат.

Бул күнү өлкө башчылары Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин биргеликте ачышты.

Белгилей кетсек, Казак Президенти Кыргызстанга болгон расмий сапарынын  алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КРнын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here