Жолдо контейнер басып калган үч киши каза болду, анын экөө жаш балдар

0
952

Чоң-Алай районунда жүк ташуу унаадагы контейнер жолдо бараткан “Портерди” басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош-Сары-Таш-Карамык унаа жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичиндеги контейнери, карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 4 жаштагы  жана 6 жаштагы  балдар жана 36 жаштагы Ж эркек киши каза болуп, 29 жаштагы  эркек киши жабыркаган.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here