Быйыл акыркы коңгуроо салтанаты 9-июнда белгиленет

0
480

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылы Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 8-июнда аяктайт деп маалымдады.

Ал эми акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара мектептерде 9-июнда өтөт.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын аяктап жаткандыгына байланыштуу республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борболорунун жетекчилери менен 2022-жылдын 17-майында онлайн жолугушуу өткөрүп, анда мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын коопсуздуктун талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды деп билдирет.

Ошондой эле, бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштуруу жана өткөрүү учурунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоо жана аны камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара кабыл алып, ата-энелердин арасында салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилгенин белгилейт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here