Кызыл-Кыя шаарында “Неврология” бөлүмү ачылды

0
518

Неврология бөлүмүнүн ачылуу аземине, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери катышты.

Бөлүм толук шарттары менен даярдалып жалпысынан 40 орунга ылайыкташкан. Анда 5 дарыгер,10 медайым, 10 кенже медайым эмгектенет.

Белгилей кетсек,  Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде, Кызыл-Кыя шаарындагы кургак учука каршы райондор аралык ооруканасы жоюлуп, имарат  толугу менен ремонттон өткөрүлүп, Кызыл-Кыя ЖДПБ “Неврология” бөлүмү ачылды деп айтылат, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here