Кадамжай районунда сел жүрдү

0
470

Бүгүн, 18-май күнү, саат 13:30дар чамасында, Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен, сел жүрдү. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Сел суулары Кадамжай районунун Орозбеков көчөсүндө жайгашкан райондук милициянын  имаратынын жер төлөсүнө жана Зведная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосуна  кирген.

Тазалоо иштерине 2 бөлүмдө 6 куткаруучу тартылып, учурда  атайын техниканын жардамы  менен сууну тарттыруу иштери жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here