УКМК кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды

0
1357

Ушул жылдын 12-майында коңшу мамлекеттен Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алынып келинген 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районунун  Бел айылынын тургуну экендиги аныкталган.

Кармалган жаран  жүк контрабандалык жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, аталган фактыны жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акча сунуштай баштаган. Ошол эле күнү  кызматкерге 200 миң сом акча каражатын берип жаткан учурда  кармалды.

Учурда тиешелүү тергөө  иш-чаралар жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here