Аткезчилик жол менен капуста ташып бараткан жаран кармалды

0
649

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «Баткен» бажысынын кызматкерлери аткезчилик капустаны ташып кирүүгө аракет жасаган фактыга бөгөт коюшту.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын “Айрылыш” мобилдик постунда  унаа токтотулуп текшерилгенде, жүк салынуучу бөлүгүн текшерип кароодо 8 миң 500 кг салмактагы капуста табылган. Жүктүн бажы аймагына ташып кирүүнүн мыйзамдуулугун ырастаган эч кандай товар коштоочу документтери жок болгон.

Кармалган товардын орточо базар баасы 467 миң 500 сомду түзгөн.

Аткезчилик фактысы боюнча  протокол түзүлүп, 7500 сом  айып өндүрүлүп, 125 337 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here