Баткендик спортчулар Россияда өткөн мелдеште коло медаль алышты

0
648

Баткендик  Кылычбек Убайдиллаев жана Минура Адилбековалар  Россия Федерациясынын Санк-Петербург шаарында өткөрүлгөн дүйнө биринчилигине катышып, 3 орунду камсыз кылып, коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Спортчуларды жергиликтүү  жетекчилер жана  спортчулардын ​ жакындары тосуп алышты.

Кыргызстандын анын ичинде Баткен районунун атын алыска таанытып,​ желегин дагы бир ирет​ желбиреткен спортчуларды аким Учкунбек Жоробаев​ куттуктап, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Кылычбек Убайдиллаев 2008-жылы  Баткен районуна караштуу Ак Турпак айылында туулган. Ал  Ош областынын Ноокат ​ районундагы спорт клубунда спорттун айкидо жана пенчак силат түрү боюнча машыгып келүүдө.

Жеке таймаш боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпиону.

РФнын Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык турнирде  жыйырмадан ашуун мамлекеттин ичинен 3-орунду камсыз кылып келди.

Ал эми Минура Адилбекова 2006-жылы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Турпак айылында туулган. Спорттун жеке таймаш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын 3 жолку чемпиону, Кыргызстан биринчилигинде коло медалдын ээси, Россия Федерациясынын Санк-Петербург шаарында өткөрүлгөн дүйнө биринчилигинде мелдешке катышып 3 орунду камсыз кылып коло медалга ээ болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here