Министр Бейшеналиев Германияга учаар алдында суракка алынганын билдирди

0
490

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны суракка алганын, бир катар маалымат каражаттарына билдирди.
Министрге, аны суракка алгандар, бул аракеттерин “өйдө жактан буйрук берилген” деп түшүндүргөнүн айткан.Бейшеналиев  эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген.
Алымкадыр Бейшеналиев азыр Германияда иш сапарда жүргөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору пара алып жаткан жеринен кармалганы маалымдалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here