Жер үй алтын кени 6,5 млрд сом салык төктү

0
392

2022-жылдын май айына карата «Альянс Алтын» ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү.
Азыркы учурда «Альянс Алтын»ишканасында 707 кызматкер иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201ри тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча «Альянс Алтын» ишканасына ишке алынды деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле “Жер үй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды”, — деп белгиленет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here