Жөлөк пулдун өлчөмү көбөйдү

0
624

Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 14-майда президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда

– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин;

– I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

– II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

– ата-энесинин биринен айрылган балдарга – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандарга – ар айлык жөлөкпулду 1500 сомдон 2000 сомго чейин
жогорулатуу белгиленди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here