Бөжөй айылында 65ке жакын турак үйдүн короо жайларына сел кирген

0
997

11-майда нөшөрлөп жааган катуу жамгырдан улам, Баткен районун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылына сел келип, айыл тургундарынын короо-сарайларына кирип, ички жолдорду жууп кеткен.


Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, жапа чеккендерден жерине барып кабар алып, калыбына келтирүү жумуштарын көзөмөлүнө алууда дейт райондук администрациянын басма сөз кызматы.


Учурда ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо жумуштары менен катар, келтирилген зыянды аныктоо жумуштары жүрүүдө деп айтылат маалыматта.
Тазалоо жумуштарына жарандык кызматтын атайын техникалары жана жергиликтүү тургундар тартылган.


Аталган айылдын сел өтүүчү сайлары жана 65ке жакын үй- жайлардын короо-сарайлары сел шагылдары менен толуп калган.
Белгилей кетсек бул күнү Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда сел жүрүп, материалдык чыгымдарга алып келген. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here