Баткенде Улуттук ат майданынын курулушу башталды

0
288

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  8-майда, Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү улуттук ат майданынын курулушун баштоо үчүн капсула салды.

Аталган иш чарага КР ЖК депутаттары, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү ошондой эле ат майдандын курулушуна колдоо көрсөтүшкөн маркум У. Эркинбаеванын жакындары жана жергиликтүүлөр катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө облус башчысы,  облуста спорттун улуттук түрлөрүн  өнүктүрүү, эл сүйгөн, эл баалаган улуттук оюндарды көрүүгө шарт түзүү зарылчылыгынан улам курулуп жатканын белгилеп, алдыда улуттук оюндар боюнча азаматтарыбыз, дүйнө элдеринин алдында кыргыздын намысын бийик көкөлөтсүн деген тилегин билдирди.

Ипподромдун курулушу  Дене тарбия жана спорт Департаментинин демилгеси менен курулуп жатат, буга чейин Баткен облусунда ат  оюндарын өткөрүү үчүн  талапка жооп бере турган аянтча болгон эмес деп айтылат КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here