Баткен эли Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын эки ардагер менен тосууда

0
332

9-май Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын  97 жаштагы Шамурат Камолов, 100 жаштагы Эшбаев Шамши аталар менен тосууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусунун аймагында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан кабар алып, аларды 9-май Жеңиш майрамдары менен куттуктап, КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан 100 000 сомдук сертификатты тапшырды.

Ошондой эле облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан  эки ардагерге акчалай жардамын жана майрамдык белектерин да берди.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл ардагер аталарга сак саламаттык, бакубат жашоо каалап, алардын арабызда бар экени зор сыймык экендигин айтып, ардагер аталар келечек муунга дем жана күч берет деп белгиледи.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан УАМ согушка 20 766 жоокер аттанып, алардын 14 213 согуштан кайтпай калган. Мекенине 6553 жоокер жеңиш менен кайтып келген болсо, алардын экөө гана арабызда. Ошондойле облуста бүгүнкү күндө 160 тылдын ардагери бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here