Улуу Жеңиш майрамы Баткенде чоң салтанат менен белгиленди

0
424

9-май Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы Баткен шаарында салтанаттуу белгиленди Салтанат алгач, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Баткен шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган эстелике карай жөө жүрүш менен башталды.

Андан соң согуштун ардагерлерине арналган өчпөс оттун жанында эскерүү иш чарасы өткөрүлүп, облус башчысы баштаган облустук, шаардык жетекчилер согуш ардагерлеринин эстелигине гүлчамбарларды коюп, согушта курман болгондорго жана арабыздан көзү өткөн ардагерлерге куран окулду.

Ал эми майрамдын экинчи бөлүгү «Өлбөс полк» жүрүшү менен улантылды. Жеңиш күнүнө арналган жүрүшкө согуш ардагерлердин, оорукта эмгектенгендин жакындары катышышты.

Майрамдык жүрүштөн кийин, Жеңиштин 77 жылдыгына арналган салтанаттын негизги бөлүгү Баткен шаарындагы борбордук стадионунда башталды.

Салтанаттын ачылышында облус башчысы Абдикарим Алимбаев шаар тургундарын Жеңиш майрамы менен куттуктап, 9-май – Бизге Улуу Жеңишти тартуулаган аталарыбыздын баа жеткис эрдигин эскерип, таазим этип туруучу улуу күн экенин айтып өттү. Ошондой эле бүгүнкү күндө болгону эки гана ардагерибиз калганын айтып, алар кылым каармандары. Мындай баатырдыкка тете эрдик көрсөткөн аталарыбызга, Улуу Жеңиш күнү эле эмес, күн сайын камкордук кылып, урмат көрсөтсөк да аздык кылат,- деп белгилеп кетти.

Андан соң шаар тургундары үчүн аскер бөлүкчөлөрүнүн салтанаттуу демонстрациясы тартууланды.
Ошондой эле иш чара Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма-театрынын артисттери тарабынан Жеңиш күнүнө арналган театралдаштырылган көрүнүш коюлуп, жергиликтүү маданият кызматкерлери жана кыргыз эстрада жылдыздарынын майрамдык концерти менен коштолду.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here