Үстүбүздөгү жылдын 6-7-майында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери , Тажикстандын Вахдат, Душанбе шаарларында жана Явон районундагы жаза өтөө мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 4 жараны менен жолугушуу өткөргөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын кармоонун шарттары менен таанышкан. Кыргызстандын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.
«Мындан тышкары, мекемелерге баруунун алкагында элчилик тарабынан Тажикстандын компетенттүү органдары менен өз ара байланышта Кыргызстанда жашаган туугандары менен соттолгон КР жарандарынын видео байланышы уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.