1-майдан 9-майга чейин спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдеш өттү.
Мелдеш Улуу Жеңиш майрамына карата жана Сүймөнкул Чокморовдун, каскадёр, режиссер Үсөн Кудайбергеновдун жана аймактагы белгилүү ишкер Умсунай Эркинбаеванын жаркын элесине арналып өткөрүлдү деп билдирди облустук өкүлчүлүк.
Көк бөрү боюнча жалпы 32команда катышты.
Мелдештин жалпы байге фонду 3 500 000 сомду түздү.
Анын 2 000 000сомун спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы,
1000 000 сом, Баяман баатыр базары
500 000сом, Көк бөрү федерация тарабынан каржыланды.
Ат оюндары боюнча 4команда катышты, аларга 500 000сом байге коюлду.
Ал эми эр эңиш боюнча 45 балбан катышты.Ошондой эле салбуурундун 8 түрү боюнча оюун болду.
Кыздар жана эркектер арасында жөө туруп жаа атуу, атчан жаа атуу,бүркүт салуу, далба салуу,куш салуу, тайган жарыш,табак атуу боюнча мелдештер кызуу өттү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекция тарабынан өткөрүлдү.
Мелдеш Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы жаңы курула турган атмайдандын аянтында өткөрүлдү.