Самат Садыков тууралуу даректүү тасманын бет ачары болду

0
497

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата, 9-май күнү Баткен шаарында   Улуу Ата мекендик Согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун  Баатыры  Самат Садыковдун өмүр таржымалын, согуштук жылдарын чагылдырган даректүү тасманын бет ачары болду. Шаар тургундары менен катар Баткен облусунун башчысы, Баткен районун акими жана шаар жетекчилери  да  даректүу тасманы көрүп, бул чоң эмгек, келечек муундун тарыхты таанып билүүсүнө  зор салым болот деп белгилешти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө “Баткенден чыккан жалгыз Советтер Союзунун Баатыры тууралуу документалдык фильм тартуу оңой иш эмес. Тарыхый материалдарды  табуу өтө оор. Буга убакыт керек, акча керек, адамдык ресурс керек. Бул өтө чоң эмгек” деп белгиледи.

Ал эми көрүүчүлөр согуштун оор кесепеттерине чыдап, жаш жоокердин өз өмүрүн аябай, мекен үчүн жасаган эрдиктерин көрүп, Баткенден чыккан баатыр менен сыймыктанганын билдиришти.

Лейлек районунун атактуу инсандарынын жана Баатыр  Самат Садыковдун туугандарынын сунушу менен, режиссер Алим Токторов, фильмди тартууга киришкен.  Ал 2019-жылдан тартып, тарыхий маалыматтарды топтоштура баштап, Кыргызфильм киностудиясынын жардамы менен ишке ашырганын айтат.

“Керектүү маалыматтарды биз атайын Россияга барып, Красногорский шаарында жайгашкан  Советтер союзунан калган кинохроника, фото, видео архивинен алып келгенбиз.  Анын  1 сааттык хроникасынын секундасын 95 рубльдан сатып алдык.  Бул фильм коммерциялык багытты көздөбөйт,же кайсы бир  фестиваль үчүн эмес. Фильм  таанып билүү максатын көздөйт.  Самат атабыздын басып өткөн жолу тууралуу  тарыхый маалыматтар  чагылдырылат” дейт Алим Токторов.

Белгилей кетсек, Самат Садыков Баткен облусунун Лейлек районунун азыркы Самат айылында 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Улуу Ата Мекендик согушта, Берлин үчүн салгылашка катышып, Жеңиш күнүнө жетпей 1945-жылы 1-майда, 25 жашында курман болгон. Согуштагы эрдиктери үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Айжамал Абдикаарова

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here