Баткен облусунун башчысы Орусиядагы мекендештер менен жолукту

0
224

2022-жылдын 3-4-май күндөрү «Баткен-Өрүкзар» коомдук уюму тарабынан, мындан бир жыл мурда  кыргыз-тажик чек арасында  орун алган  окуяда каза 36 жаранга багышталып, куран окулуп, эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.

Иш чара Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүп, ага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, Баткен районунун Ак-Сай, Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөт башчылары жана КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрү,  Орусияда эмгектенип  жүргөн Баткен облусунун тургундары да катышты.

Абдикарим Алимбаев  мекендештерге чек ара окуясынан кийинки 1 жыл аралыгында жасалган калыбына келтирүү иштери туурасында маалымат берди. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында жасалып жаткан иш аракеттер, өзгөчө макамдын алкагында берилген жеңилдиктер боюнча да айтып өттү.

Ошондой эле иш чаранын алкагында волейбол, футбол боюнча да мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчү командалар сыйланды.

Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Орусияда эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары менен жолукту.

Мигранттар менен болгон  жолугушууда Баткен облусуна инвестиция тартуу, мигранттардын өз кичи мекенине келип ишкердик жүргүзүү маселеси да каралды. Өз кезегинде облус башчысы  айтылган көйгөйлүү маселелер жана сунуштар боюнча тиешелүү иш аракеттер көрүлөөрүн айтып өттү. Аны менен  бирге чет өлкөдө, өзгөчө Орусияда эмгектенип жүргөн мекендештердин облустун ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы чоң экендигин баса белгилеп, КР Президенти Садыр Жапаровдун жана Баткен облусунун элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-тажик чек ара чыр-чатагында жардам колун сунган Орусиядагы мигранттарга «Баткен-Өрүкзар» коомдук уюму тарабынан сый көрсөтүлүп, бир катар  активисттерге, коомдук уюмдарга жана иш чаранын уюштуруучуларына  облустук жана шаардык жетекчилик  тарабынан Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар тапшыр

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here