Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кара-Жыгач айылында кооптуулукту жоюу үчүн ӨКМден экскаватор тартылып, 8-9 жылгадан келген сел суулары турак үйлөргө гана эмес, социалдык объекттерге да кооптуулук жаратат. Бул себептен аталган айылдын батыш тарабында сел өткөрүүчү сайга 2 сел тосмо курулууда. Жыйынтыгында 23 турак үй жана 7 чакырым ички чарбалык жол селден корголот.
Ал эми Чокой-Сай жана Ак-Чечек участкасында жалпы 32 турак үй жана 7 чакырым ички чарбалык жол сел кооптуулугунан корголууда.