Баткенде 10 гектарга жакын эгин талааны сел каптады

0
339

Баткен облусунда катуу жааган жаандан улам бала бакчаны, турак үйлөрдү жана 10 гектарга жакын эгин талаасын сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасынын жана 1 турак үйдүн короосуна суу толуп, 6 куткаруучу тартылды.

Материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, 1 чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгин талааларын сел суусу баскан. Болжол менен 1 чакырым арык кум, шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here