Россия Кыргызстанга жардам катары ун, май берди

0
274

Россия Кыргызстанга 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майын  жардам катары берди.Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.

Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here