Быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түздү

0
306

Муфтият ажылык төлөм 25-апрелден 30-апрелге чейин «РСК банкында» иш убактысы бүткөнгө чейин кабыл алынарын эскертет.

2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн эркек махрамдары бар талапкерлер ажылык сапарына болгон төлөмдөрдү көрсөтүлгөн убактысында төлөшү керек.

Берилген мөөнөттө ажылыктын төлөмдөрүн төлөп жетише албай калган талапкерлер ажылыктын электрондук базасынан четтетилип, тизмеден чыгарылат.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

  1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
  2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;
  3. Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыктын баасы 4500 долларды түздү, көрсөтүлгөн баа өзгөрүүсү мүмкүн деп белгиленет маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия 2766 квота бөлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here