Борбордук базарды иретке келтирүү иштери жүрүүдө

0
240

Баткен шаарынын борбордук базарынын айланасындагы Сайдиман ажы, Нургазиев,Салихов жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө, жол четинде мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарды базар ичине киргизүү боюнча рейд жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага Баткен шаарынын вице-мэри Мансур Маматисаев баштаган жетекчилер, кызматкерлер катышып,  мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга протокол түзүлүп, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоолдук жараткан чатырлар, тосмолор жана жарнама такталары алынды.

Шаар жетекчилигинин буйругунун негизинде борбордук базардын  айланасындагы жол четинде баш аламан соода-сатыкты жөнгө салуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамга баш ийбеген жарандарга протокол  түзүү менен тийиштүү мекемелерге  өткөрүп берүү боюнча тапшырмалар коюлган, деп айтылат шаардык мэрия тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here