Баткен шаарынын мыкты мугалими аныкталды

0
366

Баткен шаарында «Жылдын мыкты мугалими — 2022» шаардык сынагы өткөрүлдү.

Сынакка шаардык 7 мектептен тандалып келген мугалимдер катышты.

Кароо-сынакта  мугалимдер өз предметтери боюнча тест тапшырып, алардын компьютерде иштөө жөндөмдүүлүгү, педагогикалык чеберчилиги каралды.Ошондой эле мамлекеттик стандартка ылайык ачык сааттарды өтүштү

Жыйынтыгында  I орунга Баткен облустук гимназия жатак-мектебинин физика мугалими Айнура Максытова жетишип, 1-даражадагы диплом жана кир жуугуч машина менен сыйланды. Il орунга С.Айтматов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Ысманова Санавархан ээ болуп, шаардык профсоюз комитетинин Жалал-Абад санаториясына 10 күндүк жолдомосун жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2-даражадагы дипломун алды. Ал эми Ill орунга жетишкен А.Имаров-Кызыл топу атындагы N3-орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Рахматилла кызы Айзирек 3-даражадагы диплом жана микро толкундуу электр мешине ээ болду.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here