Лейлек районунун Кулуңду айылынын 30 жаштагы тургуну 2 баш уюн торпогу менен ээн талаага байлап койгон жеринен белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын, жалпысынан ага 155000сомдук зыян келтирилгендигин билдирип 13-апрель күнү арыз менен милицияга кайрылган.
ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Лейлек районунун Интернационал айылынын 31жаштагы тургуну жана Кадамжай районунун Алга айылынын 20жаштагы тургуну аныкталып кармалды.
Бул эки жаран мындан сырткары дагы беш мал уурулук фактысына байланышы бар экени жана Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 28жаштагы тургуну алардын кылмыштуу шериги экендиги аныкталды.
Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.