Сак болуңуз: Жасалма доллар тарап жатат

0
323

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.

Чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл.

Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш.

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

“Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгы эскертилет. Анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да кылмыш болуп эсептелет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here