“Ак үй” куруучу компанияга, мамлекет 16 гектар жер алмашууда

0
626

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик “TS Group” компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта «ак үйдүн» курулушуна алмаштырыла турган 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулаары айтылат.

“Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт”, — деп белгиленет маалыматта.

Белгилей кетсек, 15-апрелде КР Президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here